Бишкекте балдардын укугун коргоо боюнча тренерлер үчүн тренинг өттү

2025-жылдын 21-22-августунда Бишкекте "Баланын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду Гуд Нейборс Кыргызстан уюмунун колдоосунда «Коопсуз мектеп – жаркын келечек "долбоорунун алкагында тренерлер үчүн эки күндүк тренинг өткөрдү.

Тренингдин максаты-  мектеп педагогдорунун, бала бакча тарбиячыларынын жана социалдык кызматкерлердин балдардын укуктарын коргоо жаатындагы кесиптик потенциалын жогорулатуу. Катышуучулар билим берүү чөйрөсүндө зомбулукту аныктоонун жана алдын алуунун заманбап ыкмаларын, ошондой эле коркунучтарга жооп кайтаруунун жана мектептерде жана бала бакчаларда коопсуз чөйрөнү түзүүнүн натыйжалуу ыкмаларын өздөштүрүштү.

Балдар жана ата-энелер менен иштөөнүн практикалык ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар окутуунун интерактивдүү формалары менен гана таанышпастан, өспүрүмдөр менен биргеликте куурчак театрларын жана форум-театрларын түзүү боюнча окуудан өтүштү. Мындай чыгармалардын темасы балдардын укугун коргоо, жеке коопсуздук жана зомбулукка каршы туруу болду.

Программанын алкагында катышуучулар:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде болушту, мында балдарды социалдык колдоо системасы менен таанышышты;
  • Кыргыз Республикасынын Омбудсмен (Акыйкатчы) институтуна барып, баланын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо механизмдери жөнүндө жана 115 Ишеним телефонунун иши жөнүндө кеңири түшүнүк алышты.
  • 111 "Балдар үчүн ишеним телефону" борборунда болушту, анда чалуулардын келип түшүү жана иштеп чыгуу процесси, ошондой эле балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү практикасын көрүштү.

Визиттер катышуучуларга адистердин ишин практикада көрүүгө жана балдардын укуктарына жана коопсуздугуна коркунучтарга өз убагында жана туура жооп кайтаруу көндүмдөрүн бекемдөөгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.

"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова төмөнкүнү билдирди: "Бул тренинг Кыргызстанда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүдө маанилүү кадам болду. Бүгүнкү күндө педагогдор жана социалдык кызматкерлер билимге гана эмес, баланы өз убагында коргоого жардам бере турган практикалык куралдарга да муктаж. Катышуучулар үйрөнгөн көндүмдөр, анын ичинде куурчак театрын жана форум-театрды өспүрүмдөр менен бирге колдонуу-ар бир бала өзүн коопсуз жана корголгон сезе турган мектептерди жана бала бакчаларды түзүүгө жардам берет деп ишенебиз".

Тренинг Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндө балдарды коргоо системасын бекемдөөдө жана педагогдорду зомбулуктун натыйжалуу алдын алууга даярдоодо маанилүү этап болду.

Другие новости

Открытие первого Центра ювенальной пробации в Кыргызстане

<p>20 февраля 2025 года, в Кыргызстане состоялось торжественное открытие первого в стране центра&...

12 Август 2025 ж.

2024